Акысыз концерттер жана кино көрсөтүүлөр: Бишкекте «Франкофония жазы — 2026» фестивалы башталатМаксым улуттук суусундугу VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий суусундугу макамын алдыЧүй облусунда сот тутумундагы коррупциялык схемага бөгөт коюлду: судья жана катчы кармалдыӨзгөн районунда үч эм төрөгөн энеге 100 миң сом берилдиУКМК күч түзүмдөрүндөгү кадрдык чечимдерге «көшөгө артындагы таасирлер» тууралуу маалыматтарды төгүндөдүКыргызстанда аскер кызматкерлеринин пенсиялык камсыздоосун күчөтүү сунушталууда
Ысык-Атада жол кырсыгынан 2 адам каза болуп, 7 адам жабыркады
20.01.2020 | 10:42
19-январь күнү Бишкек-Торугарт жолунда унаа кырсыгы катталып, 2 киши каза болуп, 7 киши жаракат алды. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиргендей, кырсык Ысык-Ата районунун Кең-Булуң айылында саат 21:30да болгон.
“Volkswagen Vento үлгүсүндөгү унаа каршы тилкеге чыга калып, Toyota Avensis унаасы менен кагышкан. Кырсыктын кесепетинен Volkswagen Vento`нун айдоосусу жана жүргүнчүсү окуя болгон жерде каза болгон. Дагы 7 адам ар кандай жаракаттарды алып, ооуканага жеткирилген”,- деп жазылат маалыматта.
Белиглей кетсек, 18-январь күнү эртең менен Бишкектеги айланма жолдогу жол кырсыгы эки кишинин өмүрүн алган. Ошол эле күнү Бишкектин Элебесов жана Тульский көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол кырсыгынан үч адам каза болгон.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар