Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Кыргызстанда кумаркана иштетүүгө алгачкы лицензия берилди
02.05.2023 | 14:30
Кыргызстанда өткөн аптада кумаркана иштетүүгө алгачкы лицензия берилди. Бул тууралуу Каржы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтында айтылат.
Маалым болгондой, лицензияны «Гранд казино» ЖЧКсы алып, бюджетке 84 млн сом каражат төлөгөн.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2012-жылдан тарта кумарканаларга тыюу салынган. Бирок былтыр Жогорку Кеңеште кумаркана ачууга уруксат берген мыйзам кабыл алынып, ага президент кол койгон.
Кыргызстанда кумарканалардын ачылышына коомчулук каршы чыгып, активисттер каршылык акцияларын өткөргөн.
Президент Садыр Жапаров кумарканалар тууралуу мыйзамга кол койду
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом