Чүйдө элди аймактарга бөлүп-жарууга шектелип депутат кармалды

Чүйдө элди аймактарга бөлүп-жарууга шектелип депутат кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, райондук прокуратурага А.Б. аттуу жана башка жарандар арыз менен кайрылган. Арызда айтылгандай, былтыр 7-июнда Ленин айылынын жергиликтүү кеңешинин М.К. аттуу депутаты айыл тургундарын чогултуп, элди бөлүп-жарып, башка облустан келген жарандар өз эрежелерин орнотуп жатканын айтып нааразы болуп, аларга айылда орун жок экенин айткан. Прокуратура аталган арызды райондук милицияга жөнөткөн.

Бул фактыга байланыштуу 2023-жылдын 2-апрелинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси (расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү соттук-укуктук экспертизалар дайындалган.

«Экспертизанын корутундусуна ылайык, Ленин айылынын жергиликтүү кеңешинин депутаты М.К. тарабынан аймактар арасындагы кастыкты (аразчылыкты) ачык билдирип, мыйзамсыз аракеттерди жүргүзгөндүгү такталган», — деп билдиришти милициядан.

Бул окуя боюнча шектүү катары 44 жаштагы М.К. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>