Борбор калаанын базарларында жана дүкөндөрүндө жумуртканын баасы орточо эсеп менен бир даанасына үч сомго чейин арзандадыКыргызстанда 430 миңге жакын адам вирустук гепатит менен жашайтДүйнө глобалдык экономикалык кризистин босогосунда турат жана Кыргызстандын ШКУдагы ролу азыр өтө маанилүү — экспертИИМ Тай-Мурас Ташиевге карата кылмыш ишин козгодуОштогу бүтпөй калган курулуш объектилерин Курулуш министрлиги аягына чыгаратДастан Бекешев депутаттарга уруксат берилген ишмердүүлүктүн түрлөрүн тактоону сунуштады
Милициянын кылмышка шектүүнү көчөдөн кармаган видеосу
02.05.2023 | 15:23
Бишкекте шаар тургунун сабоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, былтыр декабрь айында Бишкектин Ленин райондук милициясына шаар тургуну арыз менен кайрылган. Ал арызында белгисиз жарандар анын жакын тууганын ур-токмокко алганын билдирип, чара көрүүнү суранган.
Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесинин 2-бөлүмү (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынан Талас облусунун 28 жаштагы А.Д. уулу аттуу тургуну кармалган.
Белгилүү болгондой, кармалган жаран буга чейин ар кандай оор кылмыштар үчүн бир нече жолу сот жообуна тартылган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз