Кыргызстандын кайсы аймагында кызамык оорусу көп катталды?

Кыргызстандын кайсы аймагында кызамык оорусу көп катталды?

Кыргызстанда 29-апрелге карата кызамык менен ооруган 265 учур катталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунан билдиришти.

Алардын ичинен:

— Ош облусунда кызамык оорусу менен 147 учур катталды

— Ош шаарында – 65

— Баткен облусунда – 22

— Бишкекте — 9

— Чүй облусунда – 8

— Жалал-Абад облусунда – 7

— Талас облусунда – 7.

Кызамык оорусунун катталуусу көп өлкөлөрдө, анын ичинде Тажикстанда, Россияда, Түркияда жана башка өлкөлөрдө да байкалууда.

Кызамык – аба аркылуу тез жугуучу вирустук оору. Инфекцияны аталган илдет менен ооруп жаткан адам таратат. Кызамыкка каршы эмдөө албаган адамдар ооруп жаткан бейтаптын жанында өтө кыска убакытта болсо да жуктуруп алышы мүмкүн.

Эмдөө — дарттан коргоонун бирден-бир жолу.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>