Freedom Bank Kazakhstan Кыргызстанда банк ачуу пландарын токтотту«Эс алсын, дарылансын» Садыр Жапаров Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей турганын билдирдиБообек Ажикеев өзгөчө кырдаалдар министри кызматынан бошотулдуМедер Машиев жаратылыш ресурстары министри кызматынан бошотулдуАбсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулдуУКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталды
Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан кетти
12.05.2023 | 10:35
Кыргызстандын футбол курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын “Кайрат” клубунан кетти. Бул тууралуу аталган клуб билдирди.
Маалым болгондой, эки тарап макулдашууга келип, кыргызстандык оюнчу клубга кенемте төлөп берүү милдеттенмеси менен келишим токтотулган.
Белгилей кетсек, Алыкулов “Кайрат” клубуна 2020-жылдын башында барган. Ал “Кайраттын” катарында Казакстандын чемпиону, Казакстандын кубогунун ээси болгон.
Алыкулов “Кайрат” үчүн жалпы 99 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген. Ошондой эле, 9 жолу голдук пас берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз