Кыргызстандын ИДПсы тогуз айда 10,8% өстү: экономиканын негизги көрсөткүчтөрү«Дордойдогу» өрт: 25 контейнер жабыркап, кылмыш иши козголдуКыргызстанда ажырашкандан кийин мурдагы жубайын үй менен убактылуу камсыздоого милдеттендирүү каралуудаУКМК «НЭСКтин» эки кызматкерин пара алуу боюнча кармадыКыргызстанда шахматты өнүктүрүүнүн жана популярдаштыруунун улуттук программасы бекитилдиКыргызстанда 2027-жылдан тарта социалдык жөлөкпулдарды көбөйтүү сунушталууда — кимдерге жана канчага?
Гүлжигит Алыкулов “Кайрат” клубунан кетти
12.05.2023 | 10:35
Кыргызстандын футбол курамасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алыкулов Казакстандын “Кайрат” клубунан кетти. Бул тууралуу аталган клуб билдирди.
Маалым болгондой, эки тарап макулдашууга келип, кыргызстандык оюнчу клубга кенемте төлөп берүү милдеттенмеси менен келишим токтотулган.
Белгилей кетсек, Алыкулов “Кайрат” клубуна 2020-жылдын башында барган. Ал “Кайраттын” катарында Казакстандын чемпиону, Казакстандын кубогунун ээси болгон.
Алыкулов “Кайрат” үчүн жалпы 99 оюн өткөрүп, 13 гол киргизген. Ошондой эле, 9 жолу голдук пас берген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз