Акыйкатчынын кийлигишүүсүнөн кийин 4 балалуу энеге 151 миң сом алимент өндүрүлдүЭкономика өсүш менен башталды, бирок баалар да калышпайт. 2026-жылдын январь айынын корутундусуКыргызстандын жана Россиянын энергетиктери Жогорку Нарын ГЭС каскады долбоору боюнча кадамдарды белгилешти«Ала-Арча» паркына курулган жаңы асма жол расмий түрдө ачылдыБишкек Брюсселдин бутасында: Евробиримдик Кыргызстанга санкция киргизиши мүмкүнбү?22-февралда Кыргызстандын кайсы шаарларында Масленица майрамы өтөт? Тизме
Бүгүнтөн тарта Бишкекте ысык суу бир айга өчүрүлөт
22.05.2023 | 09:19
Бишкекте бүгүн, 22-майдан тарта ысык суу бир айга өчүрүлөт.
Мэриядан билдиришкендей, ысык суу 22-июнга чейин өчүрүлөт. Тиешелүү буйрукка мэр Эмилбек Абдыкадыров кол койгон.
«Ысык сууну өчүрүү жылда өткөрүлүүчү профилактикалык иштерге байланыштуу жана жылуулук түйүндөрүн жылуулук мезгилине карата даярдоо максатында болууда», — деп билдирет мэрия.
Мэрия шаар тургандарынан ыңгайсыздыктар үчүн кечирип сурап, ысык суунун өчүрүлүшүнө түшүнүү менен мамиле кылууну суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом