Мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана аныкталды (видео)

Мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана аныкталды (видео)

Мыйзамсыз иштеп жаткан кумаркана аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, «Р.Г.» ЖЧКсы криптобиржа жана криптомайнинг кызматтарын көрсөтүүнү жамынып, мыйзамсыз кумаркана иштеп жүргөнү белгилүү болгон. Тинтүүнүн жүрүшүндө кумаркананы иштетүүдөн түшкөн ири суммадагы акча каражат табылып алынган.

УКМК табылып алынган акчанын так суммасын атаган жок.

«Мындан тышкары, тиешелүү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында, иш жүзүндөгү кирешени жашыруу документтештирилген фактылар аныкталды. Учурда жогоруда аталган кылмыш иштерине тиешеси бар адамдарды, ошондой эле республикалык бюджетке келтирилген зыяндын суммасын аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>