Талас облусу Япония менен кызматташтыкты бекемдейтМИКтин үйлөрүнө ачылган кошумча класстар маселени канчалык чечет? Жашоочулар эмне дейт?Улуттук банк ислам принциптери менен иштеген банктарды жөнгө салуучу ченемдерге өзгөртүүлөрдү киргиздиДүйнөлүк банк Кыргызстандагы билим берүү долбооруна 6,36 млн доллар каржыладыМихаил Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган көргөзмө өтөтКоомдук тамактануучу жайларда тейлөө үчүн кошумча акы алууга тыюу салынды
Эртең Ош шаарында газ берүү убактылуу токтотулат
29.05.2023 | 22:11
Ош шаарында эртең, 29-майда газ берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу “Газпром Кыргызстан” ЖЧКсынын “Ошгаз” филиалы билдирди.
Маалыматка ылайык, көгүлтүр от саат 10:00дөн 17:00гө чейин Масалиев, Раимбеков, Ош, Ашимахунов, Алай, Аношин көчөлөрүндө жок болот.
Ишкана көгүлтүр от берүү Масалиев, Раимбеков көчөлөрүнүн кесилишинде орточо басымдагы 325 мм газ түтүгүнөн газ чыгуусу аныкталып, газдын чыгышына жол бербөө, коопсуздукту камсыздоо максатында оңдоо иштерине байланыштуу токтотуларын белгиледи
Ошондой эле ишкана шаар тургундарын ушул мезгил аралыгында газ жабдууларын колдонбоону жана күйгүзүп калтырбоону, газ жабдууларды өчүрүүдө жана иштетүүдө коопсуздук чараларын сактоону суранат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом