Ошто “Миссия Добро” аталыштагы эл аралык акциясы башталды

Ошто “Миссия Добро” аталыштагы эл аралык акциясы башталды

Ош шаарындагы Орус үйүндө “Миссия Добро” эл аралык волонтердук акциясынын презентациясы болуп өттү. Бул туураалуу аталган калаанын мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, ага Ош шаардык мэриясынын өкүлдөрү, Орус кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин орун басары Байра Буваева, Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунун жетекчиси Зарифа Акматова жана атайын Орусиядан келген ыктыярчылар — психолог Татьяна Тухар, дефектолог Надежда Рядская, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар менен иштөө методисти Оксана Павлова катышты.

Иш-чаранын алкагында орусиялык ыктыярчылар алдыга койгон эң негизги максаттары менен бөлүшүп, Кыргызстандын адистери менен баа жеткис тажрыйба алмашууга кызыкдар экенин билдиришти.

Оштогу мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын реабилитациялык борборунун жетекчиси Зарифа Акматова орусиялык адистерге ыраазычылык билдирип, эки жумалык биргелешкен иштер жемиштүү болоруна ишенимин билдирди.

Белгилей кетсек, аталган акция ден-соолугунан мүмкүнчүлүктөрү чектелген жана таяныч-кыймыл аппараты бузулган балдар үчүн уюштурулуп, 29-майдан тарта 12-июнга чейин Ош шаарындагы балдар реабилитациялык борборунда өтмөкчү.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>