Укук коргоочу Камиль Рузиев Караколдо акча опузалоого шектелип кармалдыМаданият министринин орун басары алмаштыКызыл-Кыяда алдамчылыкка шектелген жаран Бишкектен кармалдыБалыкчы шаарындагы мал базар мамлекетке кайтарылдыТокмокто Ислам академиясы ачылдыТамак-аштагы курттар. Бишкектеги мектепте ызы-чуу чыкты
Былтыр унаалардын айнегин караңгылатуудан 144 млн сом түшкөн
30.05.2023 | 23:54
Былтыр “Унаа” мамлекеттик мекемеси тарабынан жалпы суммасы 144 млн. сомдон ашык суммага капталдагы айнектерди караңгылатууга уруксат берилген. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, унааларды караңгылатууга уруксат 1 жылга гана жарамдуу.
“Уруксат берүү 2022-жылдын 1-июнунда башталган. Айрым жарандарга, анын ичинде юридикалык жактарга, колдонуу мөөнөтү 2023-жылдын 1-июнунда бүтөт. Айыптан качуу үчүн биз уруксатты узартууну сунуштайбыз, анткени мыйзамсыз унаанын айнегин караңгылатуу үчүн жоопкерчилик бар”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика