34 градуска чейин ысыйт! 31-майга карата аба ырайы

34 градуска чейин ысыйт! 31-майга карата аба ырайы
(Сүрөт: В. Ушаков)

Кыргызгидромет билдиргендей, түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жана Чүй, Талас облустарынын дыйканчылык зонасында жаан-чачын жаабайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн 10…+15

күндүз +26…+31

Талас облусу

түнкүсүн +8…+13

күндүз +26…+31

Баткен облусу

түнкүсүн +15…+20

күндүз +29…+34

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн +15…+20

күндүз +29…+34

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн +6…+11

күндүз +22…+27

Нарын облусу

түнкүсүн +4…+9

күндүз +21…+26

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. чейин жетип,  абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 12…14°, күндүзгү жогорку температурасы 28…30° жылуу болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: аба ырайы

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>