Быйыл жакыр үй-бүлөлөргө жөлөк пул төлөөгө 6 млрд сом каралган

02.06.2023 | 09:45

2023-жылга карата 16 жашка чейинки балдары бар аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, ай сайын берилүүчү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөк пулун төлөөгө – 6 млрд сомдон ашык каражат каралган. Бул тууралуу Финансы министрлигинен маалымдашты.

Маалыматка караганда, жөлөк пулдун өлчөмү – 1200 сомду түзөт.

“Социалдык коргоо органдары үй-бүлөнүн кирешесинин негизинде жөлөк пулдун эсебин чыгарышат”, – деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top