Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
«АЧК-11» долбоору: Дыйкандарга 2,7 млрд сом насыя берилди
06.06.2023 | 10:58
«Айыл чарбасын каржылоо – 11» долбоору боюнча 1-июнга карата жарандарга 2 млрд 744 млн 231 миң сомго 6 миң 103 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча 664 млн 865 миң сомго 1 миң 612 насыя берилген:
– «Айыл Банк» — 397 млн 390 миң сомго 934 насыя;
– «РСК Банк» — 267 млн 475 миң сомго 678 насыя.
Мал чарбачылык категориясы боюнча 2 млрд 79 млн 366 миң сомго 4 миң 491 насыя берилген.
– «Айыл Банк» — 942 млн 268 миң сомго 1 миң 983 насыя;
– «РСК Банк» — 1 млрд 137 млн 98 миң сомго 2 миң 508 насыя.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз