«Төңкөрүш аракети». УКМК кимдер кармалганын жарыялады (видео)

«Төңкөрүш аракети». УКМК кимдер кармалганын жарыялады (видео)

Бийликти күч менен басып алуу максатында массалык баш аламандыктарды жана баш ийбөөчүлүк акцияларын уюштурууну пландаган адамдар кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалгандар өлкөдө массалык баш аламандык акцияларын жана масштабдуу иш-чараларды өткөрүүгө көмүскө даярданып, бийликти күч менен басып алууну көздөгөн.

«Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында, аталган кылмыштуу топ жыл бою өз катарына тарапкерлерди чакыруу жана өлкө боюнча эң нааразы болгон жарандарды тартуу боюнча максаттуу иштерди жүргүзгөндүгү аныкталды.Такталгандай, негизги уюштуруучу жана идеялык шыктандыруучу катары жарандык активист жана «Элдик Кеңеш» саясий партиясынын төрагасы Н.Р.С. экендиги аныкталды.

Аталган Н.Р.С.тин жетекчилиги астында, бийликти күч менен басып алуунун пландарын талкуулоо менен тиешеси бар адамдарды мамлекеттик структураларга каршы үгүттөөгө багытталган жашыруун жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлгөн«, — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын маалыматы боюнча, бул уюшкан топко коомдун ар кайсы катмарынан жана өлкөнүн ар кайсы аймактарынан 100дөн ашык адам тартылган. Алардын ортосунда конкреттүү милдеттер так бөлүштүрүлгөн.

«Жакынкы аралыкта уюштуруу маселелерин каржылоо жана негизги кызмат адамдарына сый акы төлөө үчүн чет элдик булактардан олуттуу каражаттарды алуу күтүлгөн.

Бул аталгандар коомдо кандайдыр бир окуяга нааразычылык пайда болгондон кийин дароо өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруунун активдүү фазасын баштоону көздөшкөн», — деп айтылат маалыматта.

Атайын кызматтан билдиришкендей, 5-июнда 30дан ашык адам кармалып, УКМКга алынып келинген. Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, Н.Р.С. жана анын негизги шериктери Н.Р.С., И.Г.С., М.А.Ж. жана Д.Т.А. кармалып, күнөөсүн мойнуна алышкан.

«Тинтүү иштеринин натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынган. Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча атайын тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>