Кыргызстанда биринчи жолу чет элдик жаранга мекен-карт берилди

12.06.2023 | 16:35

Бүгүн, 12-июнда Кыргызстанда биринчи ирет чет элдик жаранга мекен-карт берилди. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, министр Талантбек Иманов ата-энеси Кыргызстандын жараны болгон Россиянын жараны – Исанбек кызы.Ж.га биринчи мекен-картты тапшырды.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын жарандыгынан чыгып, башка өлкөнүн паспортун алган мекендештер үчүн мекен-картага документтерди кабыл алуу ушул жылдын 13-мартынан башталган.

[image_carousel source=”media: 191441,191442″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]

Мекен-карт алган кыргызстандыктарга «Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш» деген макам берилет. Аларга төмөнкүдөй укуктар берилет:

— Тарыхый мекенине визасыз кирип-чыгууга;

— Уруксат албай эле иштөөгө;

— Билим алууга;

— Медицина кызматын колдонууга;

— Ата-энеси же башка жакындарынан мураска калган жер үлүшүн 10 жыл колдонууга шарт түзөт;

— «Мекен-карт» 10 жылга чейин жарактуу.

Коопсуздуктан улам документ Кыргызстан менен коңшу Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Кытайдын жарандыгын алган кыргызстандыктарга берилбейт.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Scroll to Top