Сузакта тургундун 2,7 млн сомун карактаган шектүүлөр кармалды

Сузакта тургундун 2,7 млн сомун карактаган шектүүлөр кармалды

Жалал-Абаддын Сузак районунда акча алмаштыруучу жайда иштеген адамдын 2,7 млн сомун карактап кеткен шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя 31-май күнү болжол менен саат 21:00до болгон. Жалал-Абад шаарынын 55 жаштагы тургунун өзүнө сырттан тааныш болгон 30 жаштардагы балдар «долларды сомго алмаштырмакпыз, акчабыз үйдө» деп алдап Сузактын аймагына алып барышкан. Ал жактан мойнуна бычак такап коркутуп, анын жанындагы 2,7 млн сом акчасын тартып алып, Daewoo Nexia унаасына отуруп качып кетишкен.

Бул окуяга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренеси (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү катары 5 жаран Бишкек, Ош жана Кербен шаарларынан кармалышкан. Алар Жалал-Абад облусунун Аксы районунун 27 жаштагы А.Н., 26 жаштагы М.А., 24 жаштагы С.А., 22 жаштагы К.А. жана Ош облусунун Ноокат районунун 22 жаштагы А.Б. аттуу тургундары болушат. Ал 2 айга камакка алынган.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>