БШК Нурланбек Азыгалиевди депутаттык мандатынан ажыраттыЧүй проспектиси менен Абдрахманов көчөсүнүн кесилишиндеги жер үстүндөгү конструкция жакынкы арада бузулатСадыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктадыЖК депутаты Нурланбек Азыгалиев мандатын тапшырууга арыз жаздыКыргызстанда англис тили мугалимдерин даярдоо реформасы британиялык эксперттердин колдоосуна ээ болдуЖакынкы Чыгыштан 142 жаран Кыргызстанга эвакуацияланды
Бишкектин көркүн бузгандарга 176 миң сом айып салынды
15.06.2023 | 09:09
Бишкек шаарынын мэриясынын көрктөндүрүүнү көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы тарабынан бир күндө эле Бишкек шаарын көрктөндүрүү эрежелерин бузгандыгы үчүн 176 миң сомдук 16 протокол түзүлдү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Тартип бузгандардын арасында жеке адамдар гана эмес, юридикалык жактар да бар:
– Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскердик окуу жайы;
– «Умай Групп» ЖЧКсы;
– «Бай-бол Компани» ЖЧКсы;
– «Дордой Дыйкан» ЖЧКсы;
– Коргоо министрлигинин Бишкек шаардык турак жай-эксплуатациялык базасы;
– “Булак” базары.
Мэрия шаардын аймагында тазалыкты жана тартипти сактоону, ошондой эле мыйзам бузуулар тууралуу 0 (312) 62-06-18 телефону аркылуу билдирүүнү өтүнөт.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом