Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатына даярданууда

05.07.2023 | 23:30

Грек-рим күрөшү боюнча балбандар Россияда эл аралык окуу-машыгуу жыйынын өткөрүп жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка караганда, машыгуулар 29-июнь күнү башталган, 15-июлда жыйынтыкталат. Балбандар дүйнө чемпионатына жана эл аралык мелдештерге даярдык көрүдө.

Курама команданын тизмеси:

– 60 кг: Жоламан Шаршенбеков, Нурмухаммед Абдуллаев,

– 63 кг: Тынар Шаршенбеков;

– 67 кг: Раззак Бейшекеев, Амантур Исмаилов;

– 77 кг: Акжол Махмудов, Ырыскелди Максатбек уулу;

– 87 кг: Атай Азизбеков, Азат Салидинов;

– 97 кг: Үзүр Жузупбеков, Нурмамбет Райымалы уулу;

– 130 кг: Ким Роман;

– Улук машыктыруучу Улукбек Карачолоков;

– Башкы машыктыруучу Азат Эркимбаев.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top