6 айда коомдук жайларда тамеки чеккендерге канча айып салынды?

6 айда коомдук жайларда тамеки чеккендерге канча айып салынды?

Кыргызстанда жыл башынан бери коомдук жайларда тамеки чеккендерге карата 11 миң 118 протокол түзүлүп, 11 млн 118 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жыл башынан бери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан жашы жете электерге чылым сатуу фактылары боюнча 28 протокол түзүлүп, 42 миң сом айып салынган.

«Ошону менен бирге, ички иштер органдары маданий мекемелерде жана коомдук жайларда тамеки чегүүгө тыюу салуу талаптардын сакталышы боюнча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын билдиребиз. Мыйзам тамеки продукцияларын, анын ичинде электрондук тамекилерди, кальяндарды жана аралашмаларды коомдук жайларда колдонууга тыюу салат. 2023-жылдын башынан бери ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын кызматкерлери тарабынан 11 миң 118 протокол түзүлүп, Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 83-беренесине ылайык, 11 миллион 118 миң сомдон ашык суммада айып салынган», — деп айтылат маалыматта.

Укук бузуулар кодексинин 83-беренесине ылайык, белгиленбеген жерлерде тамеки чеккендерге 1 миң сом айып каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>