Өзбекстан ЕАЭБ менен байланышты бекемдейт: кызматташтыктын жаңы горизонтторуКыргыз мушкери Омар Ливаза бокс боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыкты Бишкек абанын булганышы боюнча 70-орунду ээледиСадыр Жапаров Ашхабаддагы тынчтык жана бейтараптыкка арналган эл аралык форумда сөз сүйлөдүБишкекте жаштар Улуттук адабият күнүндө Чыңгыз Айтматовду эскериштиӨзбекстандын маданият министри Ош шаарына келип, мэрди «Достук» ордени менен сыйлады
УКМКнын төрагасы кримтөбөлдөрдү өлкөдөн чыгып кетүүгө чакырды
20.07.2023 | 12:45
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнө кайрылды.
“Урматтуу президентибиз алдыбызга койгон негизги тапшырмасы боюнча Кыргызстанда эч кандай уюшкан кылмыштуу топ болбойт. Уюшкан кылмыштуу топтун жетекчилери Кыргызстанда тынч жашай албайсынарбы Кыргызстандан чыгып кеткиле. Эгер өлкөдөн чыкпаган уюшкан кылмыштуу топтун жетекчиси болсо жазаланат. Эркиндикте жүрбөйт. Муну мен жоопкерчиликтүү айта алам, – деди Ташиев.
Буга чейин Ташиев чиновниктерге кайрылып, алар эс албай иштеши керектигин эскерткен. Болбосо, чиновниктерге чара көрөрүн айткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом