Мадумаров коргогон адамдар аткезчи болгон, — Ташиев Баткендеги аткезчилик тууралуу

Мадумаров коргогон адамдар аткезчи болгон, — Ташиев Баткендеги аткезчилик тууралуу

Бүгүнкү күнү Баткен облусунда күйүүчү май боюнча аткезчилик 100%га токтотулду. Бул тууралуу бүгүн, 20-июлда өкмөттүн жыйынында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

Анын айтымында, аткезчиликтин токтотулушу Бажы кызматынын, укук коргоо органдарынын, УКМКнын кызматкерлеринин күнү-түнү жасаган ишинин натыйжасы.

«Бул боюнча парламентте депутаттар да маселе көтөрүп, Адахан Кимсанбаевич (Мадумаров) трибунадан «Баткенде күйүүчү май алып келген ишкерлерди тосуп жатасыңар» деп айтып чыккан. Адахан Кимсанбаевич коргогон адамдардын баары аткезчи болушкан. Азыр алардын баарын жоопко тарттык. Мына, аткезчилер жоголду. Депутат айтты деп, аларды колдой турган болсок, аткезчилик боло бермек. Бүгүнкү күнү Баткенде күйүүчу май боюнча аткезчилик 100% токтотулду.  Чек ара расмий ачылганча (Тажикстан менен – ред.), эч кандай аткезчилик болбойт. Депутаттар жана башкалар аткезчиликти коргогонду токтотуш керек», — деди ал.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>