Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
Ак-Ордо-3 конушундагы жол кырсык. 16 адам ооруканада
21.07.2023 | 17:30
Ак-Ордо-3 конушунда жүргүнчү ташыган кичи автобус менен оор жүк ташыган унаа катышкан жол кырсыктан жабыркаган адамдар дарылануусун улантууда. Бул тууралуу Клиникалык тез жардам ооруканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, ооруканада 12 жабырлануучу жатат. Реанимация бөлүмүндө эки бейтап жатат, бирөөнүн абалы оор бойдон калууда.
Буга чейин реанимацияда жаткан эки бейтап палатага которулган. Абалдары турукташып калды. Жабыркагандардын калгандары жакшы болгондон кийин жакын арада үйлөрүнө чыгарылат.
Эскерте кетсек, Ак-Ордо-3 жаңы конушунда жүк ташуучу унаа жүргүнчүлөрү менен бараткан №169 кичи автобусту сүзгөн. Анын кесепетинен 35-40 жаштардагы аял каза болуп, 23 адам ар кандай жаракаттарды алышкан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом