Батирин алдырып жиберген карыянын окуясын акыйкатчы териштирет

Батирин алдырып жиберген карыянын окуясын акыйкатчы териштирет

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева батирин сот аркылуу алдырып жиберген карыяны кабыл алып, окуянын чоо-жайын териштирүүдө. Бул тууралуу аталган институттун маалымат кызматы кабарлайт.

Анда акыйкатчыга 1939-жылы туулган карыя кайрылып,  сот аркылуу алдырып жиберген үйүн кайтарып алууга көмөк сураган. Карыянын айтымында үйү менен батирине карата укугу соттун чечими менен бузулган.

“Биз жубайым экөөбүз көп жыл чогуу жашап, төрт баланы тарбиялап, чоңойттук. Жубайымдын биринчи никесинен уулу бар болчу. Байбичем көз жумгандан кийин анын биринчи никесиндеги уулунун кызы мүлкүбүздөн өз үлүшүн талап кылып чыкты. Ал сотко кайрылып өз үлүшүн бөлүп берүүнү сурады. Үй менен батир менен аялымдын наамына катталган эле. Жактоочуларга кайрылдык. Жарандык процесс башталды. Бирок эмнегедир сотко мени киргизишкен жок, жактоочум ошондой деп айтты. Мен дайыма сотко барып, бирок көчөдө сот бүткөнчө күтүп турчумун.  Анан эле сот чечим чыгарып, менин жана балдарымдын, ошондой эле жубайымдын небересине мүлктү “бирдей үлүштө тең бөлүп алышат” деген чечим чыгарды.  Соттун чечимин дароо эле түшүнө алган жокмун. Анан калса чечим тууралуу дагы кийинчерээк билдим. Тынчтык макулдашуусу бар экенинен дагы кабарым жок болчу. Андан кийин гана менин укуктарым соттун чечими менен бузулганын түшүндүм”,- деп окуяны баяндады карыя.

Белгилей кетсек, 2021-жылдын 17-сентябрда Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту  Т. Т.нын жактоочусу, анын балдары жана жубайынын небереси тарабынан түзүлгөн тараптардын тынчтык макулдашуусун тастыктай турганы жөнүндө чечимди кабыл алган.

Тынчтык макулдашуусунун шартына ылайык, мурасталган кыймылсыз мүлккө бирдей үлүшкө ээ болууга укуктуу болушат. Соттогу иштин материалдарына ылайык, тынчтык келишимин түзүү жөнүндө сунушту карыянын жактоочусу берген.

Карыя президентке дагы кайрылып, ал юстиция министрлигине тапшырма берген. Алар жабырлануучуга акысыз жактоочу берип , жактоочу тынчтык келишимин жокко чыгарыш үчүн Бишкек шаардык сотуна арызы менен кайрылган.

2022-жылдын 28-декабрында экинчи инстанциядагы сот арызды канаттандыруудан баш тарткан. 2023-жылдын 19-апрелинде Жогорку сот да экинчи инстанциядагы соттун чечимин күчүндө калтырган.

 “Мен үйдү байбичем экөөбүз кичинекей кезинен багып алган небере кызыма каттатып берейин деп ойлогом. Мен эми анте албай калдым, болгону өзүмдүн үлушүмдү гана бере алам”,-дейт карыя.

Акыйкатчы ишти өзү тыкыр изилдеп чыкканын жана анын укуктарын коргош үчүн мыйзамдуу жолдор бар экенин билдирди.

“Сиздин ишти мен жеке көзөмөлүмө алдым. Калктын аярлуу катмарынын өкүлдөрүнүн кайрылуулары мен үчүн биринчи орунда карала турган иштер. Биз сиздин иш боюнча жагдайды түшүндүк, ошондой эле аны чечүүнүн жолдорун дагы көрүп турабыз”,- деди акыйкатчы.

Жамиля Жаманбаева тиешелүү бөлүмгө карыянын мыйзамдуу укуктарын калыбына келтириш үчүн  зарыл болгон баардык чараларды көрүүнү тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>