Ысык-Көлдү тазалоо иштери жүрүүдө. Суучулдар көл түбүнөн миң метр эски торду чыгарыштыБишкек шаарында Черногориянын Ардактуу консулдугу ачылдыАраванда депутат уюштурган көмүскө кумар ойноочу жай аныкталдыИран АКШ жана Израиль менен болгон чыр-чатакта чабуул коюу тактикасына өткөнүн жарыяладыАФК 2031- жана 2035-жылкы Азия Кубокторун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алууну токтоттуБарскоон – Каракол унаа жолуна 8 жер алдындагы өтмөк курулат
Кайгуулчу сууга агып бараткан баланы куткарып калды. Окуянын видеосу
04.08.2023 | 22:20
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери Аламүдүн дарыясына чөгүп кете жаздаган баланы куткарып калышты.
Аталган башкармалыктан маалымдашкандай, окуя 4-август күнү түштөн кийин Бишкек шаарында болгон. Кызмат учурунда патрулчулар дарыяда шар аккан суудан чыгууга аракет кылган баланы байкап, ал бадалдарга, бутактарга жабышып, бирок чыга албай, агымга алып кеткенин көрүшкөн.
Милиция кызматкерлеринин бири сууга секирип, ага жардам берген. Окуя болгон жерге тез жардам кызматы чакырылган.
Эми Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы баланын сууга кантип агып кеткенин тактоодо.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом