Жалал-Абад облусунда жерди мыйзамсыз басып алуу фактысы аныкталды: мамлекетке келтирилген зыян 15 млн сомдон аштыКыргызстанда көмүр тармагын колдоо жана салык салууну жөнөкөйлөтүү боюнча жаңы мыйзам даярдалуудаКыргызстан менен Россия агросектордогу кызматташтыкты күчөтөт: Москвадагы жолугушуулардын жыйынтыгы4-апрель: Көпчүлүк аймактарда жаан жаайтСогуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алды
Ысык-Көлдө төрөт учурунда ымыркайдын акыреги сынган. Иликтөө башталды
15.08.2023 | 22:36
Саламаттыкты сактоо министрлиги 14-августта Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын төрөт бөлүмүндө ымыркай төрөлгөндө акыреги сынып кеткен окуя боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүүдө.
15-августта Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бардык жагдайларды аныктоо үчүн атайын топ түзүлдү. Мындан тышкары, милиция окуя кандай болгонун текшерип жатат, анын алкагында дарыгерлердин жоопкерчилиги каралат. Учурда ымыркай менен апасы дарыланууда.
Буга чейин ымыркайдын атасы президент Садыр Жапаровго кайрылып, дарыгерлердин шалаакылыганан улам баласынын акыреги сынганын айтып, чара көрүүнү өтүнгөн.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом