Абсаттар Сыргабаев транспорт жана коммуникациялар министри кызматынан бошотулдуУКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Элдар Жакыпбеков кармалганы тастыкталдыКыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров ачык Европа Кубогунда алтын медаль жеңдиКара-Сууда акча коюп, короз уруштургандар кармалдыКыргызстандык спортчулар Италиядагы кышкы Олимпиада оюндарында кандай жыйынтык көрсөтүүдөКР Саламаттык сактоо министрлиги Медакадемиянын 20 бүтүрүүчүсүн чет өлкөлүк ординатурада окууга жөнөтөт
Кыргызстанга 20 млн сомдук кол сааттарды алып кирүү аныкталды
15.08.2023 | 23:20
“Манас” эл аралык аэропортунда сааттарды мыйзамсыз алып кирүү фактылары аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.
Эл аралык почта рейси менен келген «Элдик-Экспресс» ЖЧКсынын дарегине Малайзиядан келген аба жүктөрүн бажылык текшерүүдө, кол сааттар, анын ичинде Bernhard H. Mayer маркасындагы сааттар жана башка көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык келбеген товарлар табылган.
Экспертизанын жыйынтыгында кармалган товардын орточо базар баасы 19 миллион 807,5 миң сомду түзгөн. Мамлекеттик бюджетке төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 4 млн 7,8 миң сомду түзөт.
Чогултулган материалдар Башкы прокуратурага берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар