Нарындын Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакча курула баштады

Нарындын Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакча курула баштады

Нарындын Ак-Талаа районундагы Ак-Тал айылында 90 орундуу бала бакчанын курулушу башталды. Бул тууралуу райондук администрациядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 15-августта бала бакчанын имаратынын курулушуна капсула салуу иш-чарасы болгон.

Ак-Тал айылындагы «Ак-Тал» бала бакчасынын имараты 1961-жылы ашар жолу менен салынган. Бала бакчанын имаратынын эскилиги жеткендиктен 2016-жылдын 7-январында болгон жер титирөөдө пайдубалы, дубалдары жарылып, авариялык абалга келген. Мындан улам жаңы бала бакча курууга жер бөлүнүп, 2018-жылы долбоордук-сметалык документтери даярдалган. Ага 290 миң сом сарпталган.

Ал эми 2023-жылы 90 орундуу бала бакчаны салууга республикалык бюджеттен 75 млн сом бөлүнүүдө.

Курулуш иштерин тендерди утуп алган «Кайыңды М» курулуш фирмасы жүргүзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>