Үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз. Бишкекте 76 жаштагы карыя изделүүдөБишкектин бир бөлүгүндө ичүүчү суу өчүрүлөтБалыкчыда мурда соттолгон жарандардан дээрлик 3 килограмм баңгизат табылдыСадыр Жапаров Ош шаарынын мэрине катуу сөгүш жарыяладыКыргызстандык Мэри Кувакова «Аалам сулуусу» сынагына катышатКытай—Кыргызстан—Өзбекстан темир жолу. Курулуш иштерин тездетүү тапшырылды
Казакстанда өткөн айтышта Арген Биймырза уулу баш байгени утту
27.08.2023 | 12:41
Казакстандын Таскала районунун 90 жылдыгына арналган “Тамыры терең Таскала” аттуу эл аралык айтышта кыргызстандык төкмө акын Арген Биймырза уулу баш байгени багындырды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.
Жаш акын Арген Биймырза уулу Кыргызстандын эл артисти, маркум Элмирбек Иманалиевдин акындык өнөр мектебинде тарбияланган, анын шакирттеринин бири. Учурда ал Кыргыз улуттук “Манас” театрында эмгектенет.
Маалымат үчүн: Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата 30-31-август күндөрү Ош шаарында Эл аралык айтыш өтөт. Ага 4 мамлекеттин төкмөлөрү катышат. Байге фонду 3 миллион сом.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы