БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

БШК Өмүрбек Бакировду депутаттык мандатынан ажыратты

Борбордук шайлоо комиссиясы Өмүрбек Бакировду депутаттык мандаттан ажыратты. БШК мүчөлөрү бир добуштан Бакировду каттоо боюнча токтомду жокко чыгарып, депутаттык күбөлүгүн жараксыз деп табышкан. Буга соттордун чечими негиз болуп берди.

Комиссиянын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыкканы тууралуу чечим кабыл алуу үчүн тиешелүү органдарга сурам жөнөтүлгөнүн кабарлады. Анын айтымында, БШКда азырынча бул процедура үчүн материалдар жетишсиз.

Былтыркы жылдын ноябрында Бакировдун штабынын жетекчисине добуш сатып алган деп кине коюлган. БШК ишти карап, мындай аракет болгон эмес деген чечим чыгарган. Бакиров ошондон кийин депутат болгон болчу.

Бакировдун Ош облусундагы Көк-Жар округу боюнча атаандашы Равшан Рыспаев добуш сатып алуу болгон деген жүйө менен өткөн жылдын аягында Бишкектин административдик сотуна кайрылган. Соттук териштирүү ошондон бери жүрүп келет. 7-июнда аталган сот Бакировду депутаттык мандаттан ажыратуу чечимин кабыл алып, кийин Бишкек шаардык соту да, Жогорку сот да бул чечимди күчүндө калтырган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 17-ноябрда Жогорку Кеңеште кыргыз-өзбек чек ара маселеси каралып жаткан жыйында депутат Өмүрбек Бакиров менен УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайым айтыша кеткен. Андан кийин Ташиевге депутат Фархат Исмаилов болушуп, ал менен Өмүрбек Бакиров мушташып кете жаздаган.

Эртеси, 18-ноябрда депутат Өмүрбек Бакировдун атына президенттин иш башкармалыгынан иш бөлмөсүн бошотуу тууралуу кат келип, депутаттын буюмдары сыртка чыгарылган.

Көп өтпөй анын 2021-жылдагы шайлоодогу атаандашы Равшан Рыспаев жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу өтүнүчү менен Бишкек административдик сотуна кайрылганы белгилүү болгон. Рыспаев 2021-жылдагы шайлоодон кийин Бакировду добуш сатып алууга айыптаган.

Өмүрбек Бакиров бул аракеттерди кысым катары баалаган.

Бишкек административдик соту менен Бишкек шаардык соту №4 Көк-Жар округундагы шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечим чыгарган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>