Кыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде алтын медаль тагындыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза таптыСадыр Жапаров «Дастан» заводунда дрондорду өндүрүүнү ишке киргизүүнү тапшырдыКазакстанда Борбордук Азиядагы эң ири шамал электр станциясынын курулушу башталдыБишкек мэриясы шаарга 625 кичи автобус сатып алууну көздөөдө
Санкт-Петербургда Кыргызстандын башкы консулдугу ачылды
01.09.2023 | 20:22
Бүгүн, 1-сентябрда Санкт-Петербургда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Башкы консулдуктун округуна Карелия Республикасынын, Коми Республикасынын, Архангельск, Вологда, Калининград, Ленинград, Мурманск, Новгород, Псков облустарынын жана Санкт-Петербург шаарынын аймактары кирет.
Кыргызстандыктар Кыргызстандын мыйзамдарында белгиленген консулдук кызматтын бардык түрлөрү боюнча консулдукка кайрыла алышат.
Кабыл алуу иш күндөрү саат 9:00дөн 13:00гө чейин жана 14:00дөн 18:00гө чейин жүргүзүлөт. Консулдук Верейская көчөсү, 9 дарегинде жайгашкан. Телефон: +78124182422, ишеним телефону: +78124182422.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар