Банктар сом менен чет өлкөлүк валютага караганда 15 эсе көп депозит кабыл алыштыБанктардагы жаңы депозиттердин көлөмү сегиз айда 29%га өстүБишкекте турак үйлөрдөн жасалма алкоголдук ичимдиктерди өндүрүү жайлары аныкталдыКР коргоо министринин мурдагы орун басары Бишкектин кырсыктарга даяр эместигин эскерттиҮй-бүлөлүк зомбулуктун 68%га өсүшү: Кыргызстанда жаңы чаралар сунушталуудаӨзбекстан Самарканд тууралуу жарыяланган посттор үчүн Ирандын элчисине нааразылык нотасын тапшырды
Өзгөндө жаңы бейтапкана ачылды
01.09.2023 | 19:19
Бүгүн, 1-сентябрда саламаттык сактоо министри Гүлнара Баатырова Ош облусунун Өзгөн районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун жаңы бейтапканасынын имаратынын ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Министр өз сөзүндө эффективдүү башкаруунун жана эки жылдык экономикалык пландаштыруунун аркасында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен Өзгөн райондук жалпы дарыгерлик практика борборунун жетекчилиги бардык санитардык нормаларга жана талаптарга жооп берген заманбап бейтапканалык имарат курууга жетишкендигин белгиледи.
Эми медицина кызматкерлери жеткиликтүү жана сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүп, Өзгөн районунун калкынын талаптарын толук канааттандыра алышат.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом