Конституциялык сот: Президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүүгө негиз жокӨкмөт башчы ишкерлерди негизсиз текшерүүнү токтотууну талап кылдыОш мэриясы: мэр Жеңишбек Токторбаев кызматтан кетери айтылган маалыматтар жалганКыргызстандын Айыл чарба министрлиги ЕАЭБ менен бирдиктүү санариптик мейкиндикти түзүүнү аяктоодоЕАЭБде фитосанитардык сертификаттарды берүү эрежелери катаалдаштырылдыКыргызстандын жана Тажикстандын телекоммуникациялык компаниялары максаттуу киберчабуулдарга кабылды
ИИМ: Бишкектин тургуну 3 кг марихуана менен кармалды (видео)
06.09.2023 | 15:45
Бишкектин тургунунун унаасынан марихуана баңгизаты табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, ИИМдин баңгизат менен күрөшүү кызматынын кызматкерлери Бишкек – Торугарт жолунун 23-чакырымында “Тойота Авенсис” унаасын токтотуп, текшергенде, унаанын жүк салган бөлүгүнөн 5 литрлик желим бөтөлкөгө жана баштыкка салынган өзгөчө жыты бар зат табылып алынган.
Алынган заттын салмагы 3 кг 85 грамм болуп, ал кургатылган марихуана экени аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, унаанын 39 жаштагы айдоочусу (С.Р.) Бишкектин Октябрь райондук милициясынын Тергөө кызматына жеткирилген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз