Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам 9 жылга соттолду

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам 9 жылга соттолду

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам 9 жылга соттолду. Бул тууралуу Reporter.kg’ге маркумдун сиңдиси Асел Сакешова билдирди.

Асел Сакешованын айтымында, иш 5-сентябрда облустук сотто каралган. Облустук сот Ысык-Көл райондук соттун мурдагы өкүмүн (айыпкерди 2 жылга абакка кескен өкүмүн) жокко чыгарып, айыпталуучуну 9 жылга эркиндигинен ажыраткан.

Эскерте кетсек, окуя былтыр май айында болгон. 9-майда күйөөсү мас абалында болуп, 44 жаштагы аялын катуу сабаган. Анын айынан аял ооруканага түшүп, эки күндөн кийин ооруканада көз жумган. Милиция шектүү катары маркумдун 50 жаштагы Ш.К. аттуу күйөөсүн кармаган. Ал сот өкүмү чыкканга чейин бир жылдай тергөө абагында камакта болгон. Аялын сабап, өлүмгө жеткирген жаран быйыл 26-майда Ысык-Көл райондук соту тарабынан эки жылга соттолгон. Ошол эле учурда анын камактагы бир күнү эки күн деп (эки жыл отурду деп) эсептелип, айыпкер абактан бошотулган.

Жактоочу Зиягүл Арналиеванын айтымында, аталган окуя боюнча кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (ден соолукка оор залал келтирүү) менен козголгон. Бирок сот өкүм чыгарганда, беренени өзгөртүп, «аффект абалында болгон» деген тыянакка таянып, айыпталуучуга жеңил жаза берип койгон.

Соттун чечимине нааразы болгон маркумдун жакындары президентке, Жогорку соттун төрагасына жана башкы прокурорго акыйкаттык издеп кайрылышкан.

Аталган иш боюнча облустук соттун басма сөз кызматы билдиргендей, айыпталуучу Кылмыш-жаза кодексинин 133-беренеси (Аффект абалында ден соолукка оор залал келтирүү) боюнча эки жылга соттолгон. Тергөө абагында бир жыл отургандыктан, камактагы бир күнү эки күн деп (эки жыл отурду деп) саналып, камактан бошотулган.

Маркумдун жакындары 25-июнда облустук сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Ысык-Көлдө аялын сабап, өлүмгө жеткирген адам бошотулду. Жакындары акыйкаттык издөөдө

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>