Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
ТИМ Өзбекстанга ID-карт менен баруу шарттары боюнча түшүндүрмө берди
18.09.2023 | 16:33
Тышкы иштер министрлиги быйыл 1-сентярдан тарта Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары өз ара ID-карт менен каттоо шарттары боюнча түшүндүрмө берди.
Министрлик белгилегендей, Кыргызстандын жарандары Өзбекстанга жана коңшу мамлекеттин атуулдары Кыргызстанга кирип-чыгуу, убактылуу жүрүү үчүн ID-картты колдоно алышат. Ошол эле учурда ID-карт менен Кыргызстандын (же Өзбекстандын) жарандары Өзбекстандын (же Кыргызстандын) аймагына кирип, бирок башка өлкөлөргө чыга албайт.
Белгилүү болгондой, тиешелүү документке быйыл 27-январда кол коюлган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом