Бишкекте тез жардам кызматкерлери сабалды. Милиция эмне дейт?

Бишкекте тез жардам кызматкерлери сабалды. Милиция эмне дейт?

Милиция Бишкекте тез жардам кызматкерлеринин сабалышы боюнча үн катты.

Биринчи май райондук милицясы билдиргендей, 17-сентябрда кечки саат 20:20да «102» кызматына Исанов көчөсүндөгү «Тез жардам» борборунун кызматкерлерине белгисиз жаран колганы тууралуу маалымат түшкөн.

Окуянын жерине тергөө-ыкчам тобу барган. Ал жактан А. Д. аттуу медицина кызматкери милицияга арыз менен кайрылып, шектүү катары 29 жаштагы Б.М. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилген.

Аталган факт райондук милицияда каттоого алынып, териштирүү иштери башталган.

Милиция соттук-медициналык экспертиза дайындалганын, анын жыйынтыгы менен шектүүнүн аракетине тиешелүү юридикалык баа берилерин билдирди. Учурда шектүү бошотулган.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектеги Тез жардам борборунун директорунун орун басары Егор Борисов 17-сентябрда бейтап аялдын күйөөсү достору менен медицина кызматкерлерине кол салып, сабаганын билдирген.

Видео: Бишкекте тез жардамдын кызматкерлери сабалды

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>