Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
Нарын: Ашууда унаасы менен жолдо калган Беларустун жараны дайынсыз болууда
20.09.2023 | 09:59
Нарындагы ашууда жүк ташуучу унаасы менен жолдо калган Беларустун жараны дайынсыз болуп, изделдүүдө Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 19-сентябрда ӨКМге Кочкор районунда Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун болжол менен 275-чакырымында (Калмак-Ашуу ашуусу) MAN жүк ташуучу унаасы ашуудан чыга албай, жолду тосуп калгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Саат 23:15те жерине 3 куткаруучу барган. Бирок куткаруучулар барган учурда токтоп турган унаанын айдоочусу жок болуп чыккан. Учурда куткаруучулар аталган жаранды издөө ишин жүргүзүүдө.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом