Бишкек шаардык милициясында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү

Бишкек шаардык милициясында Мамлекеттик тил күнүнө карата иш-чара өттү

Бишкек шаардык милициясында мамлекеттик тилдин 34 жылдыгына арналган майрамдык иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Майрамдык иш-чарага Бишкек шаардык милициянын башчсысы Азамат Токтоналиев, Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча Улуттук комиссиясынын төрагасы Каныбек Осмоналиев, ИИМдин Башкы штабынын Мамлекеттик тил жана редакциялоо бөлүмүнүн башчысы Айбек Орозакунов, Мамлекеттик тил коомунун президенти Раимжан Курбано, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Мамлекттик тил жана маданият институтунун «Манас таануу»  кафедрасынын башчысы Талантбек Рысбаев, Бишкек шаардык милициясынын Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары Умсунай Абдыкулова, ошондой эле, шаардык милициянын Борбордук аппаратынын жана райондук милициялардын кызматкерлери катышкан.

Иш-чарада Азамат Токтоналиев катышуучулардын алдында сөз сүйлөп, 23-сентябрь — Мамлекеттик тил күнү менен куттуктаган.

Андан  кийин сөздү Каныбек Осмоналиев алып, милиция кызматкерлерине жаңы кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамы боюнча түшүндүрмө берип, милиция кызматкерлеринин иштерине ийгиликтерди каалаган.

Андан тышкары иш-чарага катышкан башка коноктор да сөз сүйлөп, Мамлекеттик тил күнүнө карата куттуктоолорун айткан.

Иш-чаранын аягында шаардык жана райондук милициянын кызматкерлери тарабынан уюштурулган концерттик программа тартууланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>