Ысык-Көлдө катуу жаандан улам сел жүрүп, суу унааны агызып, оодарып салды. Бул тууралуу Reporter.kg’ге окуянын күбөлөрү билдирип, видеолорун жөнөттү.
Алар билдиргендей, нөшөрлөгөн жаандан кийин Чолпон-Атада, Бостериде жана башка жерлерде сел жүргөн.
Видеодон көрүнгөндөй жамгырдан кийин суу көчөлөрдү каптаган. Сел бир унааны агызып, жолдун жээгине чыгарып, оодарып салган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз