Бишкек абанын булганышы боюнча 13-орунду ээледиКышкы каникул расмий түрдө 12-январга чейин узартылдыПрезидент эмдиги жылы апрелден тарта айлык акылар көбөйтүлөрүн айттыСаламаттык сактоо министрлиги бейтапканалардагы узун кезектин себебин түшүндүрдүЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюштуАрашан айылынын информатика мугалими балдарды санариптик келечекке кантип даярдап жатат
Дүйнө чемпионаты: Айсулуу Тыныбекова жарым финалга чыкты
20.09.2023 | 19:15
Бүгүн, 20-сентябрда Сербиядагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатында балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) жарым финалга чыкты.
Тыныбекова таймашты 1/16 финалдан баштап, биринчи атаандашы польшалык Александра Волчинсканы 8:2 эсебинде утту.
Кийинки 1/8 финалдагы беттешинде молдовалык Мариана Эсанунун далысын килемге басып, таза жеңишке жетти. Ал эми чейрек финалда украиналык Ирина Коляденко менен беттешти. Эсеп 2:2 болуп жыйынтыкталып, артыкчылыктуу упай Тыныбековада болгондуктан, ал жеңишке жетти.
Жарым финалда Тыныбекованын атаандашы германиялык Луиза Неймех болмокчу.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт