ЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар«Баатыр эне» энелердин балдарына ЖОЖдордо окуу үчүн 50% жеңилдик берүү сунушталууда
Дзюдочу Эрлан Шеров Азия оюндарынын алтын медалын утту
26.09.2023 | 14:43
Кытайдын Ханчжоу шаарында өтүп жаткан Азия оюндарында кыргызстандык дзюдочу Эрлан Шеров финалда атаандашын жеңип, алтын байгеге татыды.
Эрлан Шеров 90 кг салмакта беттешкен. Ал таймашты 1/8 финалдан баштап, биринчи беттешинде кытайлык спортчуну жеңген. Андан кийин чейрек финалда ливандык атаандашын уткан. Ал эми жарым финалда БАЭнин спортчусун жеңип, финалга чыккан.
Финалда ал өзбекстандык Давлат Бобоновду утуп, алтын байгенин ээси болгон.
Муну менен Эрлан Шеров Кыргызстан үчүн бул Азия оюндарындагы алгачкы медалды алып берди.
Аны менен бирге Шеров Азия оюндарында алтын байге алган биринчи кыргызстандык дзюдочу болуп калды.
Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз