Акаев: Мадумаров мурдагы УКМК башчысы жаткан камерада жатат

Акаев: Мадумаров мурдагы УКМК башчысы жаткан камерада жатат

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев камакта отурган камерада жатат. Бул тууралуу депутат Жанар Акаев «Азатыкка» курган маегинде билдирди.

Акаевдин айтымында, алар Адахан Мадумаров жаткан УКМКнын тергөө абагына барып, андан кабар алышкан. Мадумаров камерасындагы шарттарга арыздануусу жок экенин, кардиостимулятор менен жашап жүргөнүн, кант диабети менен ооруп жатканын билдирген.

«Парламентте көп маселе боюнча Адахан Мадумаров менен пикирлерим туура келбей жүрөт. Көп мыйзам долбоорлор боюнча көз карашыбыз бир болбой калат», — деген Акаев, Мадумаровго Адахан Мадумаров катары эмес, оппозициянын лидери катары, кармылышынын мыйзамдуулугу боюнча жаралган суроолордун алкагында кароо керектигин сөз кылды.

Ошондой эле, ал Мадумаровду кылмыш жообуна тартууга уруксат алып жатканда бир берене, аны кармаганда башка берене боюнча айып тагылып жатканын туура эмес экенин билдирди.

«Башкы прокурор Мадумаровду жоопко тартуу маселеси менен келгенде «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси болгон. Кармаганда «мамлекеттик чыккынчылык» беренесин тагып жатат. Эми бүтүндөй Жогорку Кеңешти ушундай абалга алып келгенин туура эмес деп эсептейм», — дейт Жанар Акаев

Эскерте кетсек, 2-сентябрда Адахан Мадумаров милиция тарабынан кармалып, ИИМдин Тергөө кызматына суракка алынып кеткен. Мадумаров 2009-жылы кол койгон кыргыз-тажик чек арасы боюнча (Төрт-Көчө боюнча) протоколго байланыштуу козголгон кылмыш иш боюнча кармалган. Буга чейин 22-июнда парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартууга макулдук берген. Бирок кийинчерээк аталган берене «мамлекеттик чыккынчылык» беренесине өзгөртүлгөнү 2-сентябрда белгилүү болду.

Мадумаров кармалган күнү депутат Гуля Кожокулова журналисттерге, буга чейин парламент Мадумаровду «бийликтен аша чабуу» беренеси боюнча гана кылмыш жоопко тартууга макулдук бергенин, бирок азыр тергөө кызматы Мадумаровго «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча айып тагып жатканын айтып, берененин өзгөртүлүшү боюнча бир катар суроолор, анын ичинде юридикалык суроолор, дал келбестиктер бар экенин билдирген.

6-сентябрда парламенттин жыйында Кожокулова 2022-жылы Жогорку Кеңеш Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси боюнча кылмыш жообуна тартуудан баш тартканын жана тиешелүү токтом азыр да күчүндө экенин айткан. Башкача айтканда, укук коргоо органдарында Мадумаровду «мамлекеттик чыккынчылык» беренеси жоопко тартууга парламенттин макулдугу жок экенин белгилеген.

Ошондой эле Кожомкулова ИИМ кызматкерлери Мадумаровду кармаганда, саясатчынын 13 жаштагы уулун да кармап кетип, аны ИИМдин тергөө абагында 3 саат кармап отурганын билдирип, укук коргоо органдарынын иш-аракетин сындаган.

Мадумаров УКМКнын тергөө абагына 24-октябрга чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>