Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева ата-энелерди мектеп менен бирге иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.
Ал ата-энелер фонду жабылып, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына акча бөлүнөрүн кабарлады.
“Баланын сапаттуу билим алуусу үчүн ата-эне сөзсүз түрдө мектеп менен бирге иш алып баруусу керек. Мен башталгыч класстардын ата-энелерине бир күндөн мугалимдин жардамчысы катары, ыктыярчы болуп иштөөнү сунуштайм. Айына бир күн балаңыз окуган класска жардам берүү оордук кылбайт деп ойлойм”, — дейт Догдуркүл Кендирбаева.
Белгилей кетсек, Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңештин эки комитети билим берүү жана илим министрлигине жактырып, парламенттин жалпы жыйынында кароого сунуштады.
Догдуркүл Кендирбаева 1965-жылы туулган. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университеттинде “тарых мугалими” багытында алган.
2012-2014-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп эмгектенген. 2014-жылдан бери «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондун жетектеп келген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз