Пара талап кылууга шектелип мурдагы судья кармалдыОш шаарындагы Увам жана Жекелик каналдарынын кооптуу жээктери тосулатСадыр Жапаров Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча билдирүү жасады13-мартка карата аба ырайыЖергиликтүү бийликтерге митингдер өтө турган жерди аныктоо укугун берүү сунушталуудаРоссиялык «Вкусно — и точка» тармагы 2026-жылы Кыргызстанда алгачкы ресторандарын ачат
Парламентте көп кабаттуу үй курууга мораторий сунушталды
06.10.2023 | 09:35
Жогорку Кеңештин шаар куруу мыйзамдарынын аткарылышын контролдоо жана Бишкек шаарындагы башаламан курулуш маселелерин иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия отчет берди.
Комиссиянын маалыматында, 2022-жылдын июнь айына карата мыйзамсыз курулган объеттердин саны 36ны түзгөн.
“Кээ бир үйлөргө жарандар эчак эле мыйзамсыз көчүп келгенине карабастан, алардын “курулуп жаткан объект” катары статусу көп жылдар бою сакталып келе жатат, мындай айтканда эксплуатацияга берилбеген үйлөрдө эл жашап келет” – дейт комиссия.
Депутаттар Мамлекеттик ипотекалык компаниянын алкагында курулуп жаткан үйлөрдү кошпогондо, конуштарда жаңы көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна убактылуу мораторий киргизүү сунушталды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом