Видео: Көлбаевдин тобундагы Таласты «караган» адам кармалды, — УКМК

Видео: Көлбаевдин тобундагы Таласты «караган» адам кармалды, — УКМК

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, кармалган адам «Тайсон» каймана аты бар С.М.Ж. аттуу жаран болуп саналат. Ал Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун атынан Талас шаарын караган адам (смотрящий) болгон.

Атайын кызмат билдиргендей, шектүү (С.М.Ж.) айдоочулукка окуткан мектептин мугалими А.Б.А.ны ага карата болгон компроматтык маалыматтарды ИИМ жана УКМКнын кызматкерлерине берем деп коркутуп, кысым көрсөтүп, 70 миң сом акча опузалаган. Ал акчанын бир бөлүгүн — 30 миң сом акчаны алып жаткан жеринен кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

«Ошол эле учурда тинтүү учурунда С.М.Ждан салмагы 20 граммды түзгөн кочкул жашыл түстөгү өзгөчө жыты бар зат (кара куурай) табылган», — деп айтылат маалыматта.

Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Эскерте кетсек, 4-октябрда Кыргызстанда УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевди кармоо жүргүзүп, операция учурунда Көлбаев жок кылынганы кабарланган. УКМКнын маалыматы боюнча, кармоо учурунда Көлбаев атайын багыттагы кызматкерлерге куралдуу каршылык көрсөтүп, ага жооптуу ок атылганда, кримтөбөл жараат алып, окуя жеринде көз жумган.

Кримтөбөл Камчыбек Көлбаев өлтүрүлдү, — УКМК

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Талас УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>