Ала-Арча жаратылыш паркына дүйнөлүк стандарттагы родельбан курулатСадыр Жапаровдун Тажикстанга болгон иш сапары аяктады – маанилүү учурларАгартуу министрлиги окуу китептерин иштеп чыгуу үчүн ачык сынак жарыяладыБооом капчыгайында беш күн таш түшүрүү иштери жүргүзүлөтЭми Tunduk аркылуу дарыгерди үйгө чакырууга болотБорбордогу автобустун айдоочуларына жүргүнчүлөргө сылык мамиле жасоо эскертилди
Кыргыз IT өкүлдөрү америкалык компаниялардын иши менен таанышты
06.10.2023 | 15:58
Кыргызстандын 15 IT компаниясынын өкүлдөрү Юта штатындагы алдыңкы Reliable Controls Corporation, Pluralsight жана SecurityMetrics аттуу компанияларынын иши менен таанышты. Бул тууралууу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Reliability Controls Corporation жетекчилиги Американын тоо-кен тармагын санариптештирүү жана компаниялардын чечимдерин жакшыртуу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү.
Ал эми SecurityMetrics компаниясы дүйнөлүк ишканалардын төлөм карталарын коопсуздугун камсыздоо боюнча жүргүзгөн ишин айтып берди.
Жолугушуулардын жүрүшүндө эки өлкөнүн компаниялары келечекте биргелешип иш алып барууну макулдашты.
Кыргыз программисттери Солт Лейк Сити шаарында өткөн Silicon Slopes Summit аттуу ири саммитке дагы катышты.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом