Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстанда айлык акы эң төмөн
09.10.2023 | 09:39
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку айлык акы Россияда -915 доллар, эң төмөн Кыргызстанда – 367 доллар. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы маалымдайт.
Казакстанда айлык акы 780 доллар, Арменияда – 671 доллар, Беларуста – 633 доллар.
Белгилей кетсек, статистика Кыргызстанда 2022-жылы айлык акы көтөрүлгөндөн кийин түзүлдү. Өткөн жылдын январь-июнь айына салыштырмалуу өлкө жарандарына 29,1 пайызга көп төлөп башташты.
ЕАЭБ өлкөрлөрүнөн салыштырмалуу Кыргызстанда баардык тармактар боюнча эмгек акы аз төлөнөт. Бир гана өндүрүш тармагы (537 доллар) боюнча Армениядан (525 доллар) көбүрөөк.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом