Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салындыКыргызстанга синтетикалык баңгизат ташып келүүгө шектелип, жети жаран кармалдыКыргызстандын төрт облусунда уруксатсыз таштанды төгүү жайларына көзөмөл күчөтүлөтКыргызстанда жерлерди тариздөө жана алып коюу эрежелерин өзгөртүү сунушталуудаБишкекте «Мажар эл жомоктору» анимациялык сериалынын көргөзмөсү өтөтХарри Кейн «Алтын топту» утуп, Дембеле, Мбаппе жана Холандды артта калтырды
«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев кармалды
09.10.2023 | 10:00
«Бишкек башкы архитектуранын» жетекчиси Урмат Карыбаев 16-октябрга чейин камоого алынды. Бул тууралуу маалыматты Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.
Анын бөгөт чарасы 6-октябрда каралып, УКМКнын тергөө абагында кармоо чечими кабыл алынды.
Урмат Карыбаев жер тилкелерин мыйзамсыз берилишине байланыштуу кармалганы тууралуу маалымат өткөн апта соңунда таркаган. Ал боюнча УКМК маалымат берген эмес.
«Бишкек башкы архитектура» ишканасынын маалыматында, жетекчиси 2-октябрда эмгек өргүүгө чыккан.
Урмат Карыбаев 2022-жылдын июнь айында «Бишкек башкы архитектура» ишканасына жетекчиси болуп дайындалган.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар