Кыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза таптыКыргызстан Нипах вирусунун коркунучунан улам өткөрүү пункттарында санитардык көзөмөлдү күчөттүЖогорку Кеңештин депутатынын мурдагы аялы зомбулук көрүп келгенин билдирүүдө
Сокулукта колу-буту таңылып көчөдө жаткан окуучу кыздын иши териштирилүүдө
30.10.2023 | 14:06
Сокулук районунун Биринчи май айылында 7-класстын окуучусуна байланыштуу иш боюнча тергөөгө чейинки текшерүү жүрүүдо. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Окуя боюнча милицияга 24-октябрь күнү кыздын кошуналары кабарлашкан.
Аны колу-буту скотч менен байланып, эс-учун жоготуп, шымы чечилип жаткан жеринен айыл тургундары кечке жуук көрүшкөн.
Ишти облустук башкармалыктын жетекчилиги өз көзөмөлүнө алып, күбөлөр жана кыздын ата-энеси сурак берип, алар айткан маалыматтар текшерилди.
Керектүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом